2020-жылдын 21-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Аймактар боюнча алсак:
Бишкек шаары – 8;
Ош облусу – 3;
Ош шаары – 6;
Нарын облусу – 5.
Жалпы вирус жуктургандардын саны 590го жетти. Алардын 216сы айыкса, 7 адам каза тапкан.
Анын ичинен:
Жалал-Абад облусу – 105;
Ош облусу – 150;
Ош ш. – 93;
Чүй облусунда – 32;
Бишкек шаары – 123
Баткен облусунда – 6;
Нарын облусу – 73;
Ысык-Көл облусунда – 8.
Алардын ичинен 321 – аял киши, 269 – эркек киши.