Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ал медицина кызматкерлерине оорунун жугушуна санитардык-эпидемиологиялык шарттар сакталбаганы себеп болгонун кошумчалады.
12-майга карата Кыргызстанда 21 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпысынан соңку бир сутка ичинде Нарын облусунда COVID-19 диагонозу менен 7 адам катталды.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жалпы 1037 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 241 адам медицина кызматкери. 186 медицина кызматкери оорудан айыгып, ооруканалардан чыгышкан. 1 дарыгер каза болду.