Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 127 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 351 | 0

Бүгүн, 12-июлга карата дагы 719 адам коронавирус менен катталган. Алардын ичинен 127 бейтап медицина кызматкери экенин республикалык ыкчам штаб билдирди.

Алар:

  • Бишкек шаарында 51 кызматкер;
  • Чүй облусунда 44 кызматкер;
  • Ош шаарында 12 кызматкер;
  • Ош облусунда 4 кызматкер;
  • Баткен облусунда 7 кызматкер;
  • Ысык-Көл облусунда 5 кызматкер;
  • Талас облусунда 3 кызматкер;
  • Жалал-Абад облусунда 1 кызматкер.

Ал эми акыркы суткада ооруканадан 6 медицина кызматкери айыгып чыкты. Кыргызстанда жалпы 1656 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 552 адам айыкты. А эми каза болгондордун жалпы саны 132ге жетти.

Пневмониядан дагы 41 бейтап каза болду

Copyright © 2017 Maral FM