Биз менен байланышыңыз

«Мен көргөн Америка» (2-бөлүм)

Блог | 17 Апр 2020 | 948 | 0

Аризона. Кыштын күнүндө жайдагыдай аптаптуу ысыкты дал ушул штаттан көрөсүң. Андан ылдый жүрө берсең, Мексикага кирип барасың. Биз келген Тусон шаарында бийик имараттар аз санда. Үйлөрү жапыз келип, бири-биринен алыс салынган. Көчөдө жөө жүргөн адам сейрек гана кездешет. Шаар тынч. Пенсияга чыгып, жаны ызы-чууну жактырбай, тынчтыкты самап калгандардын бул калаага көчүп келгенинин себеби да ушундан улам болсо керек…

Кыргызстанды билген адам чөлдөн да табылды

Саат 9:00дө меймаканадан чыктык да, Аризонанын көзгө басар туристтик жайынын бири болгон Сонора чөлүнө жол тарттык. Жолдун эки тарабынан шыңга бойлуу кактустарды көрүүгө болот. Айрымдары автобус күткөн жолоочудай болуп жолго жакын турат. Аларды кыйып, бүлүндүргөнгө эч ким батына албайт. Анткени мыйзам боюнча кактусту кыйгандарга айыппул каралган. Ошентип отуруп Сонора чөлүнүн музейине жетип келдик. 1952-жылы түптөлгөн бул жайдын аянты 8 гектарды түзөт. Картаны колго алдык да, оң тарап менен басып жөнөдүк. Чу дегенде эле кактустар тууралуу айтып берчү гидге бардык. Кактустун ички түзүлүшүн бир сыйра айтып берип, биздин кайсы жактан келгенибизди сурады. Айтсак, кубанды да: “Мен да 2016-жылы Кыргызстанга баргам. 2 жума жүрдүк. Барскоонго жана окшош болгон тоолор бар жерде болдук (кыязы, Жети-Өгүздү айтты окшойт). Тоолору, жаратылышы, элинин меймандостугу жакты”,-деди Дэвид Гилбард.

Эми кактус жөнүндө бираз сөз кылалы. Билсеңиздер керек, учурунда бул аймакты индейлер мекендеп жүргөн. Ошондо кактустун ар кайсы түрүнөн тамак-аш жасап жешчү экен. Анан дагы ичиндеги сөңгөгү катуу болгону үчүн курулушка да колдонушчу. Бул өсүмдүк тууралуу бизди коштоп жүргөн котормочу жана жооптуу өкүл Рейманд да кызыктуу маалыматтарды айтып отурду.

 

Дүйнөнүн алп учактары турган авиациялык музей

Аризона чөлдө жайгашканы менен башка жактан табылбаган өзүнүн кызыктары бар экен. Тусондо жайгашкан авиациялык музейде да болдук. Аянты 52 гектарды түзгөн бул жайда учактардын жана тик учактардын 300дөй түрү бар. Аларды 5-6 ангарга бөлүп коюшкан. Бул жай 1976-жылы түзүлүп, анда АКШнын мурдагы президенттери Линдон Жонсон, Жонн Кеннединин учактарынан баштап, I,II Дүйнөлүк согушта колдонулган учактар коюлган.

Дүйнөдөгү эң кичине учак деп аталган Starr Bumble Bee да ушул музейде.

Вьетнам согушунда негизги аба техникасы болгон легендарлуу Ирокез да ушул жерде.

А бул болсо белгилүү кыйраткыч учак – Б29. Бул моделдеги учактар Японияга жардыргыч таштоодо колдонулган.

Ооба, ылдыйдагы Супер Гуппи же болбосо каймана аты “боюнда бар Боинг”. 1960-жылы НАСА “Сатурн” долбоорунун үстүндө кызуу иштеп баштаган. Андагы инженердик топтун бир чоң катасы – ракетаны уча турган талаага кантип жеткирүүнүн пландабай калганы болгон. Ошол себептүү ракетаны Калифорниядагы заводдон Панама каналы аркылуу Флоридага алып келип, андан соң кураштыруучу аймакка жеткирүү максаты болгон. Бирок бул көп убакытты алмак. Ошол убакта Жонн Конрой аттуу инженер чоң транспорттук учак жасап баштайт. «Боинг-377» учагынын моделин алып, чоңойтуп жасап чыгат. 1962-жылы учакка кум толтурулган каптарды артып, 50 саат абада учуп сынап көрөт. Башында башка инженерлер ишенбегени менен Конрой бул максатын ишке ашырат. “Боюнда бар Боинг” абада калкып, эркин уча турган болот.

Бирок бул долбоордун чыгымы 1 млн долларга жетип, Конройду каржы маселеси кыйла түйшөлтө баштайт. НАСА Конройдун учагынын дараметине ишенет да, аны менен келишим түзүп, Сатурн VI программасы боюнча иштеше турган болот. Андан кийин НАСА мурдагыдан да чоң ракета учура турган болуп, Конройдун Гупписи бул учурда ишке жарабай турганы анык болуп калат. Бул ирет Боинг C97-Jнин канатын жана кыймылдаткычын, ал эми Боинг-377нин кабинасын кураштырып отуруп, Супер Гуппи жасалат. 1966-жылдан баштап Супер Гуппи НАСА үчүн иштеп баштап, азыркыга чейин кызмат кылып келүүдө.

Мындан башка да ар кандай учак жана тик учактарды да бул жерден көрүүгө болот. Көпчүлүк техникалар кайрадан жасалып чыккан (реставрацияланган). Бул жайдан мамлекет көп деле пайда таппаса керек. “Мындагы максат – келген туристтердин Америка тууралуу оюн өзгөртүү, держава катары таанытуу болсо керек” деген ойдо калдым. Себеби кирүү үчүн билеттин баасы аябай эле арзан болчу…

Америкалык үй-бүлөнүн коногу болдук

Америкалык үй-бүлө менен таанышуу үчүн Тусондогу бир тургундун үйүнө бардык. Бирок аларда биздегидей жайната тамак-аш коюп, бар тууганын чакырып алмай адаты жок экен. Жашы улгайган жубайлар көп жылдан бери бул штатта турушат. Анткени Тусон — тынч шаар. Үйгө кирерибиз менен эле бир сыйра таанышып, эки кабаттуу чакан үйдүн арт жагына өтүп, бассейндин жанында отурдук. «Эмне ичесиңер?» деп сурап алды да, колубузга суусундуктарды карматты. Кыргызда чоң ата-апаларга эрмек болуп неберелери жүрөт эмеспи. Бул үй-бүлөдө алардын ордун толуктаган бир ит менен 2 мышык бар эле. Биз жаныбар деп маани бербегенибиз менен ал жакта жандыктар үй-бүлөнүн бир мүчөсүндөй кабылданат экен. Чоң апа үчөөнү өз-өзүнчө сүрөттөп, кулк-мүнөздөрүнө чейин айтып берип жатты. Дасторкон четинде отурганда да ити ары-бери басканын көрүп, бир чети таң калсак, бир чети чочулап отурдук. Аны байкаган үй-ээлери «тиштебейт» деп бизди жоошутту. Кыязы, ал ит адамга кол сала аларын билбей эле табияттан ушундай жаралсам керек деп жашагандай көрүндү. 2 сааттай сүйлөшүп отуруп, Кыргызстандан ала барган чакан белектерибизди эстеликке бердик да, мейманканага жөнөдүк. Жупуну жана жасалмалуулугу жок жашоо жагынан бул үй-бүлөдөн үлгү алуу керек экен…

Капыстан кыргызга жолугуп…

Ар кандай иш-чаралар, жолугушуулар эң кеч дегенде 17:00-18:00 дө  аяктайт. Андан кийин баарыбыз кайра сыртка чыгып, шаар кыдырууну адатка айлантып алганбыз. Дүкөндөргө барып, көчө аралап жүрдүк. Бир жолу чоң бир соода борборго кирип калдык. Кесиптештердин арасында “Ынтымак” каналынын өкүлү Айдын байке кыргыздын кийизден жасалган топусун кийип жүргөн. Базарды бир сыйра кыдырып, чыгып баратсак, бирөө акырын: “Кыргызсыңарбы?”-деп калды. Баарыбыз чочуп эле артты бурулуп карасак, кыргыз мекендешибиз жүрөт. Кирип баратканыбызды көргөн экен. Чыгышыбызды күтүп туруптур. АКШда кыргыз көп экенин билгенибиз менен тээ алыстагы чөлгө да жеткени оюбузга да келген эмес. Ал да бул штатка конок катары келген кыргыздарды биринчи жолу көргөнүн айтып, эртеси күнү бизди үйүнө конокко чакырды. Убактысын белгилеп, бизди өзү мейманканадан алып кетмей болду.

Эртеси күнү түштөрдө эле бошоп калып, чоң соода борборуна бара турган болдук. “Колго түшкөн коёнду, коё берген оңойбу?” деп өзүбүзгө, жакындарыбызга ар түрдүү базарлыктарды ала баштадык. Анткени бул штатта салыктын наркы төмөн экенин кулагыбыз чалып калды эле. Баса, АКШда сатылып жаткан нерсеге болгон салыкты кардар төлөйт. Мисалы, бир кийим алсаңыз, ал 40 доллар турат дейли. Кассага барганда, салыгын кошуп эсептейт да, аны сиз төлөйсүз. Ошентип, керектүү нерсени алып кассага келсек, ошол жерде жүргөн кызматкер “өзүңөр эсептеп, төлөп кете бересиңер” деди. Кассалык аппаратка келип, штрих-коддон өткөрүп, карта менен төлөдүк да чегибизди алып чыга бердик. “Ой, сен көп алып алган окшойсуң”,-деп шектенип, текшерген да адам болгон жок.  “Адам бири-бирине ишенгенде дагы да жоопкерчиликтүү болуп, алдай да албай калсак керек”,- деп ойлоп койдум.

Ошентип көптөн күткөн убакыт келип, Нурлан мырза бизди ээрчитип алып, 3 кыргыз үй-бүлөсүнө алып жөнөдү. Элестетсеңиз, Аризонада 7 миллиондон ашык адам жашайт. Ошонун ичинде 3 кыргыз үй-бүлөсү бар экен. 4 күндүк сапар менен барып, аларга кокустан жолугуп калуунун өзү эмне деген керемет? Нурлан мырзанын үйүнө барсак, кыргыз аттуунун баары чогулуп, дасторкон жайып отурушуптур. Бизди куда тоскондой эле тосуп алышты. Американы көрүү бир бакыт болсо, ал жактын тээ четиндеги штатынан кыргыздарга жолугуу өзүнчө кубаныч тартуулады. Океандын ары жагы, ата-бабабыз түк барбаган жер, тарыхы эч байланышпаган эл жердеген аймак, бирок кыргыздын сыйы, бир туугандыгын, меймандостугун ошол жерден да таптык. Дасторкондо самса, шорпо, Оштун ашы (палоо). Ооба, бул – сиз күндө жеп жүргөн тамак. Бирок биз аларды 10 күндөн ашык көрбөй, эки көзүбүз төрт болуп жүргөн болчу. Баарыбыз бир четтен таанышып, көпкө кобурашып отурдук. Бир ата менен апа да балдарынан кабар алганы жыл сайын Кыргызстанга суук түшкөндө Аризонага барып турушат экен. Алар да өткөн-кеткенди айтып отурушту. 3-4 саат отурсак да, негедир кеткибиз келген жок. Алардын да бизди коё берер ою жок. Себеби туугандар, жакындар бери турсун, биз 10 күндөн ашык жүрүп эле кыргызды сагынган экенбиз. Ошондо жылдап сыртта жүргөн мекендештердин кусалыгын, сагынычын дагы да жакшы түшүндүм. Аларга да ыңгайсыздык жаратпайлы деп мейманканага жөнөдүк. Эртең биздикине келгиле деп Айчүрөк деген айым конокко чакырып калды. Эртең көрүшөбүз деп тилек кылып, узап кеттик.

Эртеси күн биз ойлогондой болбой калды. Штаттагы акыркы күнүбүз болгону үчүн иш-чаралардан кеч бошодук. Айчүрөк айымга байланышып, жагдайды түшүндүрүп айтып, кечирим сурадык. Жолугушуулар бүткөндөн кийин мейканканага келип, каанада отурсам, кесиптештерим “лоббиге кел” деп чалып калды. Чыксам, Айчүрөк эжекебиз ата-энеси, балдары менен чогуу бизди көргөнү келиптир. Дасторконго койчу тамак-ашын, бизге белек-бечкегин да камдап алган. Ошол жердеги орундуктарга дасторкон жайып, өткөн күндөн арткан сөздөрдү сүйлөшүп отурдук. «Жакындарыңарга ала барасыңар» деп колубузга базарлыгын да карматты. Бизге көрсөткөн сыйына бизден өтүп өздөрү кубангандай сезилди. Аларды узатып коюп ойго баттым: “Мен аларды, алар бизди буга чейин өмүрүндө түк көргөн эмеспиз. Келип-келип океандын бери жагында жолуктурган Кудайдын кереметине таң каласың. Кыргыз деп көбүнчө жаман сөз айтып калабыз. Бирок кыргыз «держава» аталган Америкада да өзүнүн улуттук наркын, меймандостугун унутпайт экен.» Ишенсеңиз, Америкадан келгенден кийин сапар боюнча сурагандарга кыргыздарды көргөнүмдү, алардын бизге көрсөткөн сыйын биринчи айтып жүрдүм. “Араңар кемибесин. Кудайым силерге аманчылык берип, мекенге жеткирсин, биз силерди Кыргызстандан күтөбүз”,-деп Аризонадан тапкан бир туугандарыбыз менен коштошуп, башка штатка сапар тарттык. А бирок алар сездирбегени менен көзүндө кыргыздын бал жыттанган абасына, асман тиреген тоолоруна, кең пейил элине болгон кусалык бар эле…

 

Келеркиде жаштары башка штатка агылып, карыялар көп жашаган Берлингтон, Колумбия жана туристтер жайнаган Нью-Йорк тууралуу баяндайбыз. Ага чейин бул бөлүмдү башкалар менен да бөлүшүп туруңуз. Ал эми биринчи бөлүмдү окуй элек болсоңуз, төмөнкү шилтемени басыңыз.

«Мен көргөн Америка» (1-бөлүм)

Copyright © 2017 Maral FM