Биз менен байланышыңыз

«Мен көргөн Америка» (1-бөлүм)

Блог | 11 Апр 2020 | 1647 | 3

Паспортум менен кошо билетти колума кармап, аэропорттун чек ара кызматкери отурган үкөкчөгө бардым. Кызматкер дайымкыдай кабагын салып, бир мени карады да, документтерди текшере баштады. “Камераны кара” деп кесе айтты да, сүрөткө тартып алды. Бүткөн соң, документти колума карматып, “өтө бер” дегендей ишарат кылды. Анын каардуу карашы мени көп деле таң калтырган жок. Анткени буга чейинки сапарларда да бул көз карашты көрө берип көнүп калсам керек. Иши кылса, дүйнөдөгү чоң державалардын бири деп саналган Америкага болгон сапарым ушинтип башталды.

6 журналисттен турган делегация Вашингтонго аттандык. Алдыбызда жалпы эсептегенде бир суткадан көп убакка созулчу сапар күтүп турду. Бишкек-Стамбул-Франкфурт-на-Майне. Ооба, парламенттин төрагасы айта албай калган шаар ушул Германияда. Андан ары Вашингтонго жетүү үчүн Атлантика океанынын үстүнөн учуп өтүү керек. Ошентип 2 жолу учак алмаштырып жатып, Германияга жетип келдик. Тигинен 10, узунунан эсептегенде 50-60 катарлык орундугу бар кең пейил учак баарыбызды койнуна батырып, Вашингтонду көздөй сапарын улады. «Welcome» деп кучак жая тосуп алчу “Dullas” аэропортуна жетүү үчүн алдыбызда 9 сааттан ашык жол бар эле. Арга жок, убакыт өткөрүү керек. Маңдайымдагы мониторду жандырдым да, өзүмө жаккан фильмди издеп баштадым. Байкаганым жана таң калганым — монитордогу тилдердин тизмесинде орусча жок эле. Бишкекте жазуулар бери турсун эки кыргыз бири-бири менен сүйлөшкөндө колдонгон тилди бул жерден таба албай калуу таң калыштуу болду. Ошентип, орустун тили убагында СССР жеңген Германиядан ары жакка өтө алган жок. Аргасыздан мектепте англис тилин үйрөткөн мугалимдерге рахматымды айтып, англисче тасмаларды көрүп, анча-мынча китеп окуп, уктап жүрүп отуруп, 9 саатты артта калтырдык. Бир маалда учак “дүр” эткен үн чыгарды да, АКШнын борбору аталган Вашингтон шаарына келип конду. “Мен көргөн Америка” ушинтип башталды.

Жылмаюу

Башка өлкөдөн келгенибиз үчүн бир катарга тизилип, паспорттук текшерүүдөн өтө баштадык. Менден мурун бир кесиптешим барды да чек арачынын суроолоруна жооп бере баштады. Тил айырмачылыгынан улам бири-бирин жакшы түшүнүшө албай коюшту окшойт, кыязы. Чек арачы айым мага карады да: “Чогуусуңарбы?”-деди. “Ооба”,-десем, жардамга чакырды. Жылмайып турган чек арачынын суроолоруна жооп бере баштадык. Жооп берип бүткөн соң мага карап: “Рахмат, менин жашоомду кыйынчылыктан куткардың”, — деп ак жол каалап, АКШга кирүүгө уруксатын берди. Болгону бир жылмаюу. Бирок бул Американын босогосунда мага жасалган биринчи мамиле болгону үчүн жагымдуу болду. Көрсө, бизди жылмайып тосуп алган жалгыз чек арачы эмес экен. Көчөдө баратып да бейтааныш адамга карап, тиктешип калсаң, жылмайып өтүп кетет экен. Бара-бара бул көнүмүш адат болуп, кийин өзүбүз да аларга окшоп көрүнгөнгө жылмая баштадык. Сыныктан башканын баары жугуштуу эмеспи.

Сапар Вашингтондон башталды

Ошентип Вашингтондогу алгачкы таңыбыз атты. Кыргыздар ээн-эркин эл келет эмеспизби. Ойгонуп эле 3 кесиптешибиз болуп таңкы шаарды бир сыйра кыдырып келдик. Кинодон көргөн суу түтүкчөлөрү, полициянын унаалары, таксилер көзүбүзгө ысык учурады. Анча-мынча жерлерде таштанды жатканын эске албаганда, негизинен, тазалыкка көңүл бурулат экен.

Адегенде Вашингтонду бир сыйра кыдыртып, тарыхын жана басып өткөн жолун баяндап берди. Кийинки күндөрү алдын ала пландалган тартипте бир канча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бейформал жолугушуулар өттү. Ошондо АКШ президенти Дональд Трамптын импичмент маселеси каралып жаткан маал эле. Кайсы ММКга барба, баары ошону менен алек. Өлкө чоң болгонунанбы, айтор, жалпы АКШ аймагын камтып, ошого багытталып иш алып барган ММК аз санда экен. Мисалы, бир радио Вашингтонго же башка бир штат, шаарга басым жасап, эфир даярдайт. Башка штатта өкүлчүлүктөрү болсо, ал жерде өзүнчө топ иштеп, башка эфир алып чыгышат. Элдин массалык маалымат каражаттарына көз карашы да башкача. “Булар биздин сөз эркиндигибизди коргоп, чындыкты айтып, биздин көрөр көзүбүз болуп турат” деп ой жүгүртөт. Коомдук медиалар да ошол үчүн көбүнчө элден чогулган каражат менен күн көрүшөт. Мамлекеттик медиалар дээрлик жокко эсе деп айтышты.

Борбор калаада жайгашкан бир канча музейлерди да кыдырдык. Космостук ракеталардан баштап, тарыхый, кол эмгектердин жана бир катар баалуу буюмдар, эстеликтер сакталган экен. Бул өлкөдө музейлерге көп маани берилет жана кызыгып келгендердин да саны көп болот. Кийинки сандарда учак музейи жөнүндө да кеңири баяндалат.

Жолубуз түшүп, парламент отурган Капитолиумга барып калдык. Чоң жыйын залдарын көрө албасак да, жеке каанасына баш бактык. Баары жупуну. Эки кабат эшик, баалуу эмеректер жок эле. “Биз элитабыз, кол жеткис, бийик болушубуз керек” дегендей түшүнүктөр жок окшойт аларда.

“Эмне ичсең да, муз кошуп ич”

Учакта же тамактануучу жайда болбосун, суусундук сурасаң, сөзсүз муз кошуп алып келишет. Себеби америкалыктарда муз кошуп, муздак ичүү адатка айланып калган. Жайдын аптабында ысык чай ичип жүргөн жаныбыз бара-бара муздактан да тажап калдык. Анан буйрутма берерде “ноу айс” (музсуз) деп өтүнүп калдык. Көрсө, бул мурдатан калган түшүнүк экен. Муздаткыч жаңы чыккан учурда аны колунда бар, бай адамдар гана сатып ала алчу. Үйгө конок келгенде үй ээси өзүнүн социалдык абалынын жакшы экенин сездириш үчүн “менин үйүмдө муздаткыч бар” деген ишаратты суусундукка муз кошуп берүү менен көрсөтүшчү экен. Ошентип жүрүп кийин адатка айланып калган дешет. Бул эми бир себеби катары айтылат. Балким, ал жактын климаты, элдин организми ушуну талап кылса керек, ким билсин?

Учактагы окурмандар жана тартип

Вашингтондогу жолугушуулар, пландалган иш-чаралар бүткөн соң АКШнын Мексика менен чектешкен аймагындагы Аризона штатына бет алдык. Ички каттамдардагы учактар чакан болот экен. 50-60 жолоочуну алды да Колорадо штатын көздөй бет алдык. Учак асманга көтөрүлгөндө айрым орундуктардын үстүндөгү жарыктары жандырыла баштады. Анткени жол бою китеп окуп барууну адатка айланткандар бар экен. 50-60 орундук болсо, ошонун 10унун жарыгы күйүп, өздөрү китеп, журналдарды окуп баратышты.

Жолдон бир конуп, учак алмаштырып отуруп, Аризона штатына да жетип келдик. Демейде биз учак конору менен эле ордубуздан туруп, эшик тарапка шашылып жөнөйт эмеспизби. Ошол адатка салып жөнөп калып, кайра токтоп калдык. Көрсө, ал жакта кезектешип отуруп, алдыңкы катардан баштап чыгышат экен. Аба майдандын чыга беришинде бизди атайын жооптуулар тосуп алышты. Бул штаттын босогосун аттаар замат 2 метрлик узундуктагы кактустар жана кыштын күнүндөгү аптаптуу ысык аба ырайы өзгөчө эле.

 

Кийинки бөлүмдө бул штатта жашаган 3 кыргыз үй-бүлөсү, алар менен табышып калганыбызды жана чөлдөгү башка кызыктуу окуялар тууралуу баяндап беребиз.

3 пикир

3 пикир

  1. Айгул

    11.04.2020 22:02

    Бизге да Американы коруу насип кылсын. Жакшы макала.

  2. Тумарбек

    15.04.2020 11:39

    Сонун жазылыптыр) 2-болум качан чыгат болду экен?)

  3. Уулкан

    17.04.2020 22:19

    Побольше пишите так😊
    Приятно было читать на родном языке
    Успехов👍!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM