Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №17 поликлиниканын төрт дарыгерине коронавирус жугуп, мекеме жабылды

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 839 | 0

Бишкекте Гүлнара Ташыбекова жетектеген №17 Үй-бүлөлүк медициналык борбору жабылды. Борбордун төрт дарыгери коронавирус инфекциясын жугузуп алышкан. Маалыматты борбордун жетекчиси тастыктады.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлердин 25и Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл борбору тарабынан госпитализацияга алынган. Дарыгерлердин төртөөндө коронавирус диагнозу тастыкталган.

Төрт врач ооруканага жаткырылып, калган кызматкерлер обсервацияга киргизилет. Ушул себептен биз оорукананы жабууга аргасыз болдук, — деди башкы врач.

Ошондой эле, башкы врач дарыгерлерге алгач ПЧР анализ кылынбастан, экспресс-тест гана жүргүзүшкөнүн, чатак чыгарып жатып анализ алынганын, мунун натыйжасында төрт дарыгер коронавирус инфекциясын жугузуп алганы белгилүү болгонун айтты.

Поликлиникада отуздан ашык кызматкер иштеп, учурда бардык байланышта болгондор такталып жатат. Башкы врачтын айтымында, акыркы эки айдан бери дарыгерлер жанын үрөп иштеп келишкен. Дарыгерлер коргоочу каражаттар менен камсыз болгон. Бирок айрым медициналык мекемелерде коргоочу каражаттардын дефицити бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM