Биз менен байланышыңыз

«Айыл банк» жана «РСК банк» Элкарт төлөм карттарын пайдаланууда комиссиялык төлөм албайт

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 402 | 0

«Айыл банк» жана «РСК банк» пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүнүн улуттук тутуму бюнча акчалай каражаттарды алуусу учурунда алардын картасы боюнча комиссиялык төлөмдөрдү албайт. Бул тууралуу Өкөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган норма Кыргызстандын аймагында оротулган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда иштейт.

Ошентип, «Айыл банк» жана «РСК Банк» терминалдары боюнча «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрү аркылуу пенсия берүүдө комиссиялык төлөм алынбайт.

Алыскы калктуу конуштарда жайгашкан шаймандарды кайрадан оңдоо үчүн убакыт талап кылынгандыктан, айрым учурда комиссиялык төлөм алынышы мүмкүн. Төлөм автоматтык түрдө алынса, комиссиянын суммасы мүмкүн болушунча тез арада кайрадан кардардын эсебине түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM