Биз менен байланышыңыз

“РСК Банктын” 2 кызматкерине коронавирус жуккан

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 633 | 0

“РСК Банктын” 2 кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи учур Бишкектеги банктын кызматкери, экинчи учур Жалал-Абаддын Чаткал районундагы филиалдын кызматкери.

Нурболот Үсөнбаев кошумчалагандай, эки учур тең байланышта болгондор.

Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 906га жетти. Анын ичинен 650 бейтап сакайып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM