Биз менен байланышыңыз

Ташиев окуучуларды массалык манас айттырууну колдобой турганын билдирди

Кыска кабар | 3 мая 2024 | 523 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы окуучулар менен болгон окуя боюнча үн катты.

Ал ооруканага түшкөн балдардан кабар алып, алардын ата-энелери менен жолукту. Ташиев массалык маалымат каражаттарына комментарий берип, Сузактагы окуяны атайылап жасоо, террордук аракет деген версияларды четке какты.

«Бул окуя атайылап жасалган жок. Коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болду. Ал жерде унаа токтотууга атайын жерлер каралышы керек болчу. Ошол эле убакта окуучулардын арасына бейтааныш адамдар кирбеши керек. Мунун баары уюштуруудагы кеткен кемчиликтер. Эми баарын тиешелүү органдар текшерип, өз баасын берет», — деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал жабыркаган балдардын амандыгын тилеп, президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүнгөнүн билдирген.

Мындан сырткары окуучуларды массалык иш-чараларга колдонуу, хор менен манас айтуу боюнча жеке пикирин да айтып өткөн.

«Менин жеке пикиримде, бардык жерде манас айтуу боюнча видеолорду тартып жатышат. Мен муну туура эмес деп айтам. Мурун биз бала чакта манасты бир адам айтып, аны миңдеген адам укчу. Азыр миңдеген адам айтат, аны эч ким укпайт. Ушул маселени катуурак жолго салуу керек. Анан дагы район-район болуп, ким көп адам топтойт деп атаандаштыкка айланып кетти. Бул жергиликтүү бийликтин жана ушул манас айтууну уюштуруп жаткандардын шалаакылыгы. Буга да жоопкерчилик каралышы керек». 

Copyright © 2017 Maral FM