Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,
Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градус болот.