Биз менен байланышыңыз

Кызарт айылынын 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 500 миң сомдук өнүгүү борборун ачышты

Кыска кабар | 3 мая 2024 | 659 | 0

Жумгал районуна караштуу Кызарт айылынын Айып Идинов атындагы мектептин 2014-жылкы бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык мааракеге топтолгон акчага өнүгүү борбору ачышты. Бул тууралуу активист Эрлан Смайыл уулу өзүнүн Ютуб каналында билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кызарт айылынын 1996-жылы туулган тургундары 10 жылдык юбилей үчүн 500 000 сом каражат топтогон. Ага мектептен атайын бөлмө бөлдүрүп, окуучулар үчүн өнүгүү борбору ачышкан. Жаңы китепкананын ичин 1000ге жакын жаңы адабияттар менен толтурган.

«Акыркы басмадан чыккан китептин баардык түрүн тапса болот. Ичинде жазууга такта, отуруп сабакка даярданууга парта столдор, китеп окууга, өз алдынча өнүгүүгө баардык шарттар түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM