Биз менен байланышыңыз

Президент каржы институттарды ата мекендик айыл чарба өндүрүшүн колдоого чакырды

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 1122 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-майда, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик фонд» акционердик коомдорунун башкармалыгынын башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында өлкөнүн каржы институттарынын ишмердүүлүгү, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаал жана азык-түлүк импортунун кыскарышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

Каржы институттарынын каражаттары артыкчылыктуу тартипте мурдагыдай эле аймактардагы ишканаларды, анын ичинде экспортко багытталгандарын колдоого жумшалышы керектигин баса белгиледи. 2020-жылга карата негизги милдеттердин бири катары кластердик программаларды каржылоону өзгөчө бөлүп көрсөттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалдагы мамлекеттик саясаттын алкагында ишканалардын реалдуу, сезилерлик жардам алып, мындан ары дагы пландалган кубаттуулукка жетүүсү үчүн, ошондой эле айрыкча айыл чарбасында жаңы экспортко багытталган өндүрүштөрдү ачуу үчүн аларга максималдуу колдоо көрсөтүүгө басым жасалышы керектигин айтты.

Белгиленгендей, өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына карабастан, каржы институттарынын ишмердүүлүгү токтоп калган жок. Өлкө аймактарында ишкердик демилгелерди колдоого багытталган долбоорлор артыкчылыктуу мааниге ээ.

Президент Сооронбай Жээнбеков экспортко багытталган ишканаларга, өзгөчө алыскы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө колдоо көрсөтүүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгиледи. Ошону менен бирге, каржылык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM