Биз менен байланышыңыз

Карантиндеги «Ыраазычылык күндөлүгү»

Блог | 11 Апр 2020 | 1838 | 2

Биз көп нерсенин кадырын убагында билбей, шүгүр кылууну унутуп койдук окшойбуз, сыноо келди… Баарыбызга бирдей, планетабызга бирдей сыноо келди. Учурда канчалаган адамдар оору менен алышып, канчалаганы кечээ эле нааразы болуп жаткан жумушуна, окуусуна, эркин жашоосуна зар болуп үйлөрүндө отурат. Шүгүр кылбасак, Жараткан белектерин бир секундада алып коёруна ушул күндөрү дагы бир жолу ынандым. Кээ бир учурда жумуштагы маселелерге нааразы болуп, майда-барат нерселерге эле наалый бергенимди эстедим. Бирок артка жол жок, кайгырсак да, ал күндөргө кайтып, кемчиликтерди оңдой албайбыз. Ар ишти өз убагында татыктуу деңгээлде аткаруу зарылчылыгын түшүндүк окшойт. Эми биз үчүн бүгүнкү күндөгү маанилүү нерсе — татыктуу жашоо жана келечекке туура кадамдарды таштай билүү.

Ушундай учурда адамдар үмүтсүздүккө түшпөй, позитивдүү маанайды жоготпош үчүн ыраазычылык күндөлүгүн түзүп, башкаларга да жаюунун үстүндө иштеп жатам.

Дүйнөдө башкаларда болгондой эле, биз да жумуштан кетип, карантинге чыктык. Жашоомдо биринчи жолу мындай кырдаалга туш келгендиктен, 3-4 күн дүрбөлөңгө түштүм. Көпчүлүк карантинге дароо эле көнүп кеткендей сезилди, социалдык тармактардан окуп жаткан китептерин, жасаган тамактарын жарыялай башташты. Мен алгач кадам таштай албай отурдум. Адамдар менен бетме-бет, күнү-түнү иштешип көнүп калгандыктан, ошол эле аракеттерди онлайн аркылуу жасаш керек болчу. Карантин качанкыга чейин өкүм сүрөрү белгисиз болгону да түйшөлттү. Бул абал мени 2-3 күн ойго салды. Акыры ыктыярчы бир студент менен кесиптешиме кат жаздым. Өзүн өнүктүрүү боюнча тайпа түздүк. Жадыбал түзүп, катышуучуларга жөнөттүм, анда күн сайын аткарылган жумуштарды белгилеп турат. Тапшырмалардын эң маанилүүсү “Ыраазычылык күндөлүгүн” түзүү болчу. Алсак, күндөлүк ачып, бир күндө жок дегенде 5 нерсеге шүгүр кылып, ыраазычылык билдирип жазат. Маанилүүсү — күн сайын ар башка нерсеге ыраазычылык билдирүү зарыл. Оңой көрүнгөнү менен жүзөгө ашыруу жеңилге турбайт экен. Анткени биз — адамдар шүгүр кылууга караганда көп наалып, ар бир нерсеге нааразы болуп жашап жатканыбызды байкадым. Күндөлүк толтурууда «кантип жазам, бул нерсеге деле ыраазы болушум керекпи» дегендей көп суроолор келди. Бирөө «ушул үчүн да ыраазычылык билдиришим керекпи» десе, айрымдар «дүйнөдө апаат болуп жатканда кайдагы шүгүр кылуу» дешти. “Мен эмне деп жазайын эми?” деп сураган таластык бир студентиме «Таласта коронавирус катталбаганына шүгүр кылсаң болот» десем: “Эртең чыгып калсачы”, — дейт. Анда бирөө чыкса, экөө чыкпаганына шүгүр кылышыбыз керек. Ушинтип башта ар бир суроого кылдаттык менен жооп берүүгө тырыштык. Биздин муун адамга да, Кудайга да, жаратылышка да ыраазычылык айтууну унутуп калган экенбиз. Башкача айтканда, ар бир нерседен жамандык табууга жөндөмдүү экенибизди түшүндүм.

Бирок учурда тайпанын мүчөлөрү ар бир иш, окуянын жакшы тарабын көрүүгө көнүп келе жатат. Адамдар ыраазычылык билдирип, жашоодон ырахат ала баштады. Бул өнөктүк бир ай бою уланса, жакшы жыйынтык берет деп ишенем. Ыраазычылыкты сөзсүз жазыш керекпи десеңиз, бир-эки пайдасы тууралуу да айтып кетейин. Негизи, көп эле психологиялык изилдөөлөргө таянсак, күнүнө бир блокнотко же телефонуңуздагы Note’ко эртең менен же кечинде 5-6-7-10 нерсе жөнүндө жазып, мен бүгүн ушул нерселер үчүн ыраазымын деп турсаңыз, күн өткөн сайын маанайыңыз ачылып, майда-бараттан ырахат алып, позитивдүү ойлонуп, жашоодо өзүңүздү бактылуу сезип баштайсыз. Жашооңузда байкабай жүргөн абалдарды, буюмдарды байкап, окуяларды анализдеп, адамдарды кечирип, оптимист боло баштайсыз.

Эми кайра тайпа боюнча айта кетсек, экинчи тапшырма күнүнө өзү тандаган китепти окуу. Таблицага канча бет китеп окуп жатканын жазып турушат.

Үчүнчү тапшырма, кесиптешим ийгиликтүү адамдын өмүр таржымалы же болбосо белгилүү адамдардын шыктандыруучу сөздөрү менен күнүнө бөлүшүп турат. Мотивация берүүчү окуялар дагы азыркы күндө эң керектүү нерселерден.

Мындан сырткары, ыктыярчы студентим күн сайын англисче 15 сөз жиберет. Бул жаңы сөздөрдү жаттап, англис тилин өздөштүрүүгө шарт түзүүдө.

Буга кошумча, өзүн өнүктүрүү багытында эң маанилүү дүйнөгө таанымал TedXтин видеолорун жиберип турабыз. Бул видеолордун эң пайдалуу жагы кыска жана нуска. Маданий, илимий ачылыштар, психологиялык жана башка багыттарда кызыктуу видеолор, жаштарга аябай жакканын айтып кетпесем болбойт. Аны да көрүп чыгып, таблицага белгилейт.

Тапшырмаларда күн сайын 20 мүнөт спорт менен машыгуу да каралган. Айылдарда жаштарыбыз күнүмдүк талаа жумуштары менен алек болушу мүмкүн, бирок шаарда жүргөн жаштар үчүн сөзсүз күн сайын кеминде 20 мүнөт спорт менен алек болуусу маанилүү. Кээ бирөөлөрү менен онлайн йога курстарын баштап, машыгып жатабыз.

Кесиптешим ал ортодо жаштарды шыктандыруу үчүн кошумча тапшырма берип турат, алсак табияттын сүрөтүн тартуу, өзгөчө  тамак жасоо жана башка ушул сыяктуулар.

Ушинтип акырындык менен бул жашоого да көнүп баштагандайбыз. Байкасаңыз, азыр онлайн семинарлар уланууда. Ар түрдүү жарышуулар уюштурулууда.  Өлкөнүн башка аймактарында да түрдүү вотсап тайпалар ачылып, өз ара иштешип жатканын угуп, кубандым. Буга Жалал-Абаддан 10-класстар ачкан “Алга кадам” тайпасы бир мисал. Алар менен онлайн семинар боюнча байланышканда таанышып калдык. Учурдагы карантин күндөрүн колдон келишинче пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып жаткан жаштар бизди кубантат.  Бирок карантин кээ бир  жаштарды депрессияга түшүүсүнө өбөлгө болгондой учурларды да байкап жүрөм. Адамдар, айрыкча азыркы жаштар коом менен, достору менен аралашып, үйүнөн алыс жакта ээн-эркин жүрүп көнүп калган да. Аларга да айтарым азыркы учурду позитивдүү түрдө кабыл алып, убакытты өзүн өнүктүрүүдө туура пайдалангыла. Үйдө отуруп кайгыра берген менен университеттер ачылып, эски жашоо башталып кетпейт. Учурда дүйнөдө көптөгөн сайттар семинарларын акысыз негизде берүүдө. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай колдонуп калсаңыздар, келечекте өзүңүздөргө чоң рахмат айтмаксыздар. Сунуштай кетейин, өзүм колдонуп жаткан сайттар:

www.4brain.ru

www.globalenstitu.com

www.coursera.org

Коронавирус биздин сабырыбызды да сынап жаткандай. Ошол үчүн баарыбызга сабырдуу болууну да тилеп кетем. Буюрса, жакшы күндөр келет. Жашоодон издегенибизди табабыз. Эгерде жамандык күтүп пессимисттик көз караштан арыла албасак, турмуш да татаалдашып, нааразычылык ого бетер артат. Тескерисинче, ар бир учурдун даамын өз убагында татып, оптимист болсок, жашоонун жакшырганына күбө болобуз.

Дүйнөдө башкаларды жашатуу үчүн соккон жүрөктөрдүн канчалык көп экенине бул оор абалда күбө болдук. Бири-бирибиз үчүн күйүүнү, ынтымактыкты, биримдикти дагы бир жолу үйрөндүк. Учурдан пайдаланып, дүйнө боюнча күнү-түнү тынбай, башкалар үчүн өз өмүрүн ортого салып эмгектенип жаткан бардык медицина кызматкерлерине, элдин коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерге, карантинде өзүн гана ойлобой, башкаларга жардам берүү үчүн үйүнөн чыгып, кайрымдуулук иштерин аркалап жаткан ыктыярчыларга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Айнура Анарбаева.

2 пикир

2 пикир

  1. Мээрим.

    11.04.2020 20:49

    Эң сонун макала. Калемиңиз курчуй берсин. Эң жакшы инсан-учурда керек болгон инсан деп айтмакмын. Ушундай кырдаалда да өзүңүздүн билимиңиз менен бөлүшүп, элди, билимди ойлогонуңуз кубандырат. Сизге ийгилик 👍

  2. D A

    11.04.2020 21:32

    Soonun 🍀

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM