Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 800дөн ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 318 | 0

10-апрель саат 09:00гө карата Казакстанда коронавирус инфекциясынын дагы 21 учуру катталды. Бул тууралдуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып Tengrinews.kz жазды.

Инфекциянын жаңы учурлары Батыш Казакстан облусунда — 2, Мангистау облусунда — 2, Кызылорда облусунда — 4, Атырау облусунда — 3, Шымкент шаарында — 4, Акмола облусунда — 1, Караганды облусунда — 4, Нур-Султан шаарында — 1.

Ошондой эле Алматы шаарында бир адам аталган вирустан каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны тогузга жетти.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 802ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM