Биз менен байланышыңыз

Кызмат учурунда ооруга чалдыккан дарыгерлерге компенсация төлөнөт

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 785 | 0

Өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина кызматкерлерине компенсация төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелдеги брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

-Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан төлөмдөрдүн өлчөмү каралып жатат.  Мен азыр суммасын айтпай эле коеюн. Документ чыккан күндөн баштап буйруса, ишке кирет. Буга чейин көрсөтүлгөн 200 миӊ сом жана 1 млн сом суммалары дагы каралууда ,- деди Боронов.

Ошондой эле ал өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал абалында ооруга чалдыгып, ошонун негизинде өлүмгө чалдыгып калган дарыгерлерге да өлчөмдүү компенсация каралып жаткандыгын айтып, бүгүн-эртең документке кол коюлуп ишке кире турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM