Биз менен байланышыңыз

Мектептерде IV чейректин сабактары башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 608 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары дистанттык түрдө башталды.

Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге берилип жатат.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлдү. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар жайгаштырылды.

Кайтарым байланыш Zoom, WhatsApp, Google classroom сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM