Биз менен байланышыңыз

7-апрель: Дүйнөдө коронавирустан 284 миңден ашык адам айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 646 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 6-апрелдин түнүнө алынган маалыматы боюнча, дүйнөдө жаңы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1,21 млн кишиден ашты.  Ал эми, Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө 1,347 миллиондон ашуун адам илдетке чалдыкты. Ошол эле учурда 284 миңден ашык адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Жуктургандардын жалпы саны — 368 миң. Экинчи орунда — Испания (136 миң), Италия — (132 миң). Германия (103 миң). Бешинчи орунда Франция (98,9 миң). Пандемия башталган Кытай илдетке чалдыккандардын саны боюнча алтынчы орунда калды (82,6 миң). Ошол эле учурда Кытайда 77 миңден ашуун адам айыкты.

Орусия боюнча коронавирус тастыкталган 7497 учур аныкталды. Аталган оорудан 494 адам айыгып, 58 адам көз жумган.

Жогоруда аталган университеттин маалыматы боюнча, дүйнөдө 73 703 адам коронавирустан көз жумган. Өлүмдүн эң көп саны Италияда катталды — 16 523. Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирустан 74,8 миңден ашуун адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM