Биз менен байланышыңыз

Нью-Йоркто дагы бир өзбекстандык коронавирустан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 584 | 0

Кечээ, 6-апрелде Өзбекстандын Р.Х. аттуу жараны (1969-жылы туулган) коронавирустук инфекциянын кесепетинен Нью-Йорктогу клиникалардын биринде көз жумган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 22-мартта Р.Х.да оорунун алгачкы белгилери байкалган. 2-апрелде ден-соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ооруканага жаткырылып, жасалма деп алуучу аппаратка туташтырылган.

Учурда Башкы консулдук, диаспора уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен бирге аны акыркы сапарга узатууга байланыштуу  маселелерди чечип жатышат.

Буга чейин Өзбекстандын эки жараны Нью-Йорктогу ооруканаларда коронавирустук инфекциянын кесепетинен каза болгону кабарланган.

Нью-Йоркто коронавирустан эки өзбекстандык көз жумду

Copyright © 2017 Maral FM