Биз менен байланышыңыз

Нью-Йоркто коронавирустан эки өзбекстандык көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 2748 | 0

Ушул жумада Нью-Йорктун Бруклин аймагында эки өзбекстандык коронавирустан көз жумду. Каза болгондор 50-60 жаш курактагы эркек жана аял болгон. Алардын экөө тең үй-бүлөсү менен АКШда туруктуу жашап, иштеп келишкен. Бул тууралуу centralasia.media агенттиги жазды.

Каза болгон эркек кишини Нью-Жерси штатында коронавирустан каза болгондорду көмүү эрежелерине ылайык жерге коюшкан. Маркумду акыркы сапарга узатууда «жаназа» гана окулуп, башка салттар аткарылган эмес.

Учурда он миңдеген өзбекстандыктар коронавирус эң көп жайылган Нью-Йоркто жашашат. 5-апрелде аталган шаарда 2600дөн ашуун адам көз жумду.

3-апрелде Бруклиндеги ооруканада көз жумган Өзбекстандан барган аялдын туугандары анын COVID-19дан көз жумгандыгын тастыкташты. 60 жаштагы аял акыркы тогуз жылдан бери АКШда туруктуу жашап келген.

Маркум карыларга кам көрүү кызматында иштеген жана көп жылдар бою кант диабетинен жабыркап келген. Эки жума мурун ал ооруканага жаткырылып, кийин үйдө дарыланууга бошотулган. Бир жумадан кийин ден соолугунун абалы начарлап, кайрадан ооруканага жеткирилген.

Нью-Йорк шаары — өзбек иммигранттары жыш отурукташкан мегаполис болу саналат. Аталган шаарда жана анын айланасында кеминде 50 миңдей өзбектер жашайт.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 308 850гө жетти. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 8 407 адам көз жумган, алардын көпчүлүгү Нью-Йоркто (1905) катталган.

Copyright © 2017 Maral FM