Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзү боюнча 226 669 бейтап коронавирустан айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 473 | 0

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча COVID-19 инфекциясынын тастыкталган учурларынын саны 1,1 миллион кишиден ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 1 100 283ке жетип, алардын ичинен 58 929 адам өлгөн. Ошол эле учурда 226 669 бейтап коронавирустук инфекциядан айыккан. Ал эми дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирустан  50,3 миңден ашуун адам көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Жуктургандардын жалпы саны — 277, 7 миң. Экинчи орунда — Италия (119,8 миң), Испания — (119,1 миң). Германия (91,1миң). Пандемия башталган Кытай илдетке чалдыккандардын саны боюнча бешинчи орунда- 82,5 миң. Алардын 76,9 миңи айыкты.

Учурда Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 4149га жетти. Алардын ичинен 281 адам айыгып, 38 адам көз жумду.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирустан  50,3 миңден ашуун адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM