Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 500 | 0

Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов бүгүнкү брифингде билдирди.

Жандандыруу бөлүмдөрүндө жаткан 6 адамдын аймактарга карай бөлүнүшү:

1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;
2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;
3. Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда;
4. Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда;
5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;
6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM