Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан гуманитардык жардам келди (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1342 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Өзбекстандан берилген гуманитардык жардам иретиндеги ун, коргоочу комбинезон, бир жолку колдонуучу респиратор, бир жолку колдонуучу кол кап жана башка санитардык дезинфекциялоо үчүн колдонуучу каражаттарын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабыл алды.

Жардам Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы инспектору, капитан Бабур Эшматов, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Андижан облустук  башкармалыгынын башчысынын орун басарынын катышуусунда өткөрүлүп берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругу менен гуманитардык жүктү кабыл алып, жерине жеткирүү иштери үчүн ӨКМдин техникалары жана базасы даярдалган.

Кабыл алуу иштерин уюштуруу министрдин орун басары Равшан Рысбаевге тапшырылган.

Гумжардамдын курамы:

1.      Ун – 1000 тонна;

2.      Коргоочу комбинезон-7000 даана;

3.      Бир жолку колдонуучу респиратор – 7000 даана;

4.      Бир жолку колдонуучу кол кап – 20 000 даана;

5.      Коргоочу көз айнек -500 даана;

6.      Пирометр – 200 даана.

Гумжардам ӨКМдин бириккен кампасына жеткирилет. Бөлүштүрүү иштери Өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM