Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн баштап кагаз түрүндөгү өткөрмө баракчаларын берүү токтотулат

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1631 | 0

Өзгөчө абал режимин камсыз кылууда ишке тартылган мекемелер менен уюмдардын унаа каражаттарына электрондук уруксат кагаздарын алуу үчүн онлайн система ишке киргендигине байланыштуу бүгүндөн баштап кагаз түрүндөгү уруксат баракчаларын берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Уруксат кагазды алуу үчүн арыз берүүнүн максаты жана убакыт-саатын көрсөтүү менен тийиштүү документтерин тиркеп, ресурста көрсөтүлгөн электрондук форманы толтуруу керек. Маанилүү: нускамага ылайык тастыктоочу документтерди арызга сөзсүз тиркеш керек. Эгерде белгилүү бир ишмердүүлүк унаа каражатында айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, ресурска жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл.

Арыз толтуруунун нускамасы: https://www.youtube.com/watch?v=rQIoR813NNo&feature=youtu.be

Арыздар 24 сааттын ичинде каралат. Арыздын статусу (каралууда, жактырылды, жактырылган жок) толтурулган форманын баракчасына чыгат. Арыз жазылган жана электрондук уруксат көрсөтүлгөн бетти жоготуп албоо үчүн, шилтемени көчүрүп же QR-кодун жүктөп алуу керек.

Жактырылгандан кийин арыз берүүчү өзүнүн уруксатын QR-коду менен кошо басып чыгарып, уруксат берилген унаанын маңдайкы терезесине чаптап коюу керек же жанында алып жүрүшү керек. Анын түп нуска экендиги ыйгарым кызматкерлер тарабынан каалаган смартфондо QR-код аркылуу текшерилет.

Онлайн система https://1312.tunduk.kg/ шилтемеси боюнча иштейт. Кошумча суроолор боюнча 1312 номери боюнча комендатуранын колл-борборуна кайрылса болот.

Copyright © 2017 Maral FM