Биз менен байланышыңыз

Москвада коронавирустан дагы беш адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 732 | 0

Орусиянын Москва шаарында коронавирус аныкталган дагы беш адам каза болду. Жалпы Москвада аталган илдеттен каза болгондордун саны 11 ге жетти. Ал эми Орусия боюнча коронавирустан 17 адам көз жумду. Бул тууралуу Москвадагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн ыкчам штаб өзүнүн Telegram каналына жарыялады.

Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, бардык пациенттерде пневмония аныкталган. Каза болгондордун эң кичүүсү 61 жашта, эң улуусу 74 жашта болгон. Алардын төртөөнө жасалма жол менен дем алдыруучу аппарат коюлган.

Ошондой эле бардык пациенттер коронавирустан башка дагы оорулар менен жабыркап келишкен. Аларда кардиосклероз, гипертония, кант диабети, өнөкөт өпкө оорулары бар болгон.

Мындан сырткары, бейтаптардын бири онкологиялык оорулар менен ооруп келгендиги да айтылат маалыматта.

Учурда Москвада коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1613 кишиге жетти. Жалпы Орусия боюнча коронавирус тастыкталган 2337 учур аныкталды. Аталган оорудан 121 адам айыгып, 17 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM