Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Бир суткада 119 тартип бузган жаран кармалды

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 465 | 0

Бир суткада, саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын 17си аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран.

— Күн сайын коменданттык саат учурунда 100дөн кем эмес жаран кармалып жатат. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Өзгөчө абалдын эрежелерин бузган жарандардын саны нөлдү түзүш керек болчу , — , деди Орозалиев.

Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган.

Эске салсак, коменданттык саатты бузган шартта жарандар милиция же аскердик күзөт тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат, ал эми жанында документи жоктор өздүгү аныкталганга чейин үч суткага чейин камалат.

Кармалгандардын өздөрү, буюмдары жана унаа каражаттары текшерилиши мүмкүн. Ошондой эле жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коомдук жайларда беткапсыз жүрүү жана башка аракеттерге Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жеке жактар үчүн 1 миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Copyright © 2017 Maral FM