Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Мамкаттоо кызматынын бардык бөлүмдөрү жабылат

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 1595 | 1

Бүгүн, 31-марттан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Алардын катарына Калкты тейлөө борборлору  жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС кирет.

Өзгөчө абал режими киргизилбеген республиканын башка аймактарында ведомствонун алдындагы бөлүмдөр штаттык тартипте ишин улантат.

Чет элдик жарандардын каттоосун Какты тейлөө борборлору ачылгандан кийин узартса болорун Мамлекеттик каттоо кызматы эске салат.

Ушул жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки мезгилде төрөлгөн ымыркайлардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алуу — жылдырылат.

“КР бузуулар тууралуу кодексинин” 275-беренесинде каралган айыптар салынбайт. Аталган чечим республиканын бардык аймагына жайылат.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбековдун 24-мартта кол койгон Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM