Биз менен байланышыңыз

Марипов: Бишкекте жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 539 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт жетекчиси белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарынын борборунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат жана ал мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында жайгашат.

Белгилесек, аталган соода борборунун имараты буга дейре мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген. Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң, мында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып, Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM