Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматы жаңы долбоорлорду ишке киргизет (тизме)

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 795 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы IT багытындагы долбоорлор тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ага ылайык, 3 долбоорду ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын март, апрель айларына пландалып жатат. Мекеме кызмат көрсөтүүлөрдүн мобилдик тиркемесин ишке киргизет. Ошондой эле калкты тейлөө борборлору да жаңы форматта иш алып барат. Мындай өзгөрүүлөр тейлөөнүн сапатын жакшыртып, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алат.


2020-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы 3 долбоорду ишке киргизет. Алсак, апрель айынан тарта Калкты тейлөө борборлору жаңы форматта иш алып барат. Мындай өзгөрүүлөр убакытты үнөмдөөгө, коррупциялык тобокелчиликтердин азайтууга жана калкка оперативдүү түрдө кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, калкты тейлөө борборлорунан баланын туулгандыгы, жарандын өлгөндүгү жана нике күбөлүктөрүн дароо алууга шарт түзүлөт. Борбордун кызматкерлери экиге бөлүнөт.

-Борбордо иштеп жаткан кызматкерлерди front офис жана back офис деп бөлөбүз. Front офистин кызматкерлери кайрылган жарандардан тийиштүү документтердин баарын алышат да, back офистин адистерине өткөрүп берет. Ал жерде кызматкерлер документтерди даярдоо жумуштарын алып барышат. Ал эми азыр болсо документтерди операторлор өзүнчө, паспорт бөлүмүнүн  кызматкерлери өзүнчө кабыл алат. Мындан улам бир жерде кезек көп, башка жерде азыраак болуп калууда.  

Мындан сырткары апрель айынан тарта «Санарип ID» долбоору ишке кирет. «Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Санарип ID» виртуалдык паспортун берип баштайт. Ал мамлекеттик тейлөөнүн электрондук түрүн пайдаланып, бейтапканага, мектепке онлайн түрүндө кезекке туруп, интернет-банкинг кызматтарын телефон аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Виртуалдык паспорттун коргоо элементтери жогорку деңгээлде болорун аталган ишкананын жетекчиси Рыскулбек Осмоналиев маалымдады.

— Атайын программа сатып алдык. Смарт ID’ни ишке бергенде коргоо программасын кошо киргизебиз. Ал жерде эч кандай маалымат сакталбайт. Маалыматтын баары Каттоо кызматынын базасында сакталат. Андыктан жарандар кооптонбой эле коюушу зарыл. Виртуалдык паспорттор бекер берилет. Бирок электрондук кол тамга алууга акы төлөнөт. Смарт ID’нин ичинде электрондук кол тамга орнотулат да, экөө тыгыз байланышта болот. Бири-бирисиз иштебейт. 

Маалыматка ылайык, «Санарип ID» системасын колдонуу үчүн жаран бир жолу калкты тейлөө борборуна барып, электрондук кол тамга алууга тийиш.

Ал эми өткөн жылы Каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына 6 миңден ашуун колдонуучу кирген. Колдонуучулардын санын көбөйтүү максатында порталдын мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу пландалууда. Ал март айында  колдонууга берилет. Анда колдонуучулар өзүн тастыктабай туруп эле 14 кызматтан пайдалана алышат. Мекеменин техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары Асел Кененбаева кабарлагандай, тиркеме колдонуучуга айып пулдар, документтин убактылуу мөөнөтү тууралуу билдирмелерди жиберип турат. Мындан сырткары адистерден кеңеш алууга шарт түзүлөт.

— Тиркемеге кирген колдонуучуга телефон аркылуу код жиберилип турат. Ал өздүк кабинетин ачып, өзү тууралуу маалыматтарды жана маалымкаттарды ала алат. Мындан сырткары Каттоо кызматы көрсөткөн кызматтардын тизмеси жайгаштырылат. Керектүү кызматты тандап, арыз жазса болот. Учурда Калкты тейлөө борборлоруна жазылуунун электрондук форматы иштелип жатат. Тагыраагы, жаран үйүндө туруп эле кайсы борборго барары боюнча алдын ала жазыла алат. Ал үчүн Калкты тейлөө борборлоруна да анализ жүргүзүлөт.  

Мобилдик тиркемеге «Түндүк» маалымат алмашуу системасы аркылуу Салык кызматы, Социалдык фонд, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги сыяктуу башка мамлекеттик мекемелер да туташтырылат. Ал үчүн Каттоо кызматында маалыматтарды санариптештирүүчү борбор ишке кирет. Учурда борбордун курулушу жүрүп жатканын мекеменин төрагасы Алмаз Мамбетов айтып өттү.

— 1000 чарчы метрден ашыгыраак жерге борбор куруп жатабыз. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Күзүндө заманбап сканер, техникаларды алып келип, маалыматтарды санариптештиришибиз керек. Анткени документтерди санарипке өткөрбөй туруп, санариптешүү тууралуу айта албайбыз. Качан базага документтин баары киргенде, башка мекемелер ортосунда маалымат алмашууга шарт түзөт. 

Кошумчалай кетсек, тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу багытында банктар, мобилдик байланыш операторлору даяр. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын маалыматтык коопсуздугу толук сакталарын жана жоопкерчиликти моюнга аларын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM