Биз менен байланышыңыз

«Жапайы батышта» коргоочу маскалар 0,45 евродон 13,52 еврого чейин кымбаттады.

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 603 | 0

Пандемиянын фонунда медициналык мекемелерде кие турган коргоочу кийимдерге болгон зарылчылык Германияда баалардын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө алып келди. Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги билдирди. Өзгөчө FFP2 тибиндеги бетке тартылуучу маскалар 0,45 евродон 13,52 еврого чейин көтөрүлдү. Базарларда “башаламандык” өкүм сүрүүдө. Муну “жапайы батыш” деп айтып койсо болот дешүүдө. “Ар бир ишкер ооруканалардагы кейиштүү абалдардан пайдаланып, капчыктарын кампайтып алууну көздөп жатат”, — дейт Clinicpartner соода бирикмесинин жетекчиси Олаф Берзе. Бул киши кары адамдар жана клиникалар үчүн сатып алууларды жүргүзүп келет. Берзенин айтымында, продукциянын сертификаттары айрым учурда жасалма болуп, пайдаланууга жараксыз болуп жатат. Фильтлер колдонууга жараксыз болуп, пациенттерге ошондой эле медперсонал үчүн да коркунуч жаратып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM