Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда жалпы 13 миң 302 жарандан анализ алынган

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 366 | 0

Жалпысынан 13 миң 302 жарандан коронавируска карата анализдер алынды. Анын ичинен 7 миң 96 жарандын анализи толук чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

-Анализи чыккандар боюнча 94 адамдан башка 7 012 жарандын анализи оору жок, таза экендигин көрсөттү, — деди Боронов.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 50;

Ош облусунда – 24;

Чүй облусунда – 3;

Баткен облусунда – 1;

Ош ш. – 8;

Бишкек ш. – 7;

Нарын облусунда – 1 учур.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-мартта Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан  чыгарылды.


Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар үйлөрүнө чыгарылды (видео)

Copyright © 2017 Maral FM