Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар үйлөрүнө чыгарылды

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 2231 | 0

Жалал-Абад облустук ооруканасынын медицина кызматкерлери бүгүн, 30-мартта коронавирус илдетинен айыккан 3 тургундун ооруканадан чыгып жатканын видеого тартып алышкан. Бул видеону Ынтымак Медиа өз баракчасынан бөлүштү.

Буга чейин Жалал-Абад облусунда коронавирустан дарыланып жаткан 3 адамды ооруканадан чыгаруу пландалып жатканы айтылган.

«Айыккандар 1958, 1974, 1976-жылы туулган адамдар. Алар ооруканада 14 күндөн ашык жатып, эмделишкен. Алардын акыркы анализдери таза чыккан, рентгендин жыйынтыгы да жакшы болду. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы жакшы»,- деп кабарлаган оорукана мүчөлөрү.

Copyright © 2017 Maral FM