Жалпысынан 13 миң 302 жарандан коронавируска карата анализдер алынды. Анын ичинен 7 миң 96 жарандын анализи толук чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.
-Анализи чыккандар боюнча 94 адамдан башка 7 012 жарандын анализи оору жок, таза экендигин көрсөттү, — деди Боронов.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 50;
Ош облусунда – 24;
Чүй облусунда – 3;
Баткен облусунда – 1;
Ош ш. – 8;
Бишкек ш. – 7;
Нарын облусунда – 1 учур.
Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.
Белгилей кетсек, бүгүн, 30-мартта Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.