Бүгүнкү күндө 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор обсервацияга киргизилген.
—Обсервацияда жаткандардын ичинен Бишкекте 401, Чүйдө, 115, Ош шаарында 125, Ош облусунда 231, Жалал-Абадда 79, Баткенде 199, Нарында 108, Таласта 146, Ысык-Көлдө 55 адам жатат. Жалпы ооругандар менен 1 миң 954 адам байланышта болгон. Алардын 1 миң 528и жакын байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү жана кошуналар, — дейт ал.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 50;
Ош облусунда – 24;
Чүй облусунда – 3;
Баткен облусунда – 1;
Ош ш. – 8;
Бишкек ш. – 7;
Нарын облусунда – 1 учур.
Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур катталган.
Вирус жуктуруп, ооруканага жаткандардын үчөө бүгүн вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.