Биз менен байланышыңыз

30-март: Дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 3026 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Коронавирус жуктурган жаңы учурлар Жалал-Абад облусунда аныкталган.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан. Демек, учурда жалпы 91 адам дарыланууда.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин айрым райондордо өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандар күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:
✔ Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
✔ Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
✔ Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Учурда Бишкектин айланасында 120 блокпост коюлган. Андан өтүү муктаждыгы болгон жарандар, өткөрмө кагазы үчүн кайрылса болот. Өткөрмө кагаздары 1-2 күндүн ичинде электрондук түрдө берилип баштары айтылган.


Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыкты

Copyright © 2017 Maral FM