Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 7301 | 0

Жалал-Абадда коронавирус инфекциясы менен катталган 3 бейтап айыкканына байланыштуу ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош, Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган адамдарды дарылаш үчүн Бишкектен кошумча медициналык бригада жөнөтүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, айыккандар бүгүн үйлөрүнө чыгарылат. Толугураак маалымат бейтаптар үйлөрүнө чыгарылгандан кийин берилерин кошумчалады.

Министр белгилегендей, коронавируска каршы күрөшүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат.

«Бул кырдаал бир гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй дүйнө медицинасы үчүн чоң сыноо болот. Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз ага жетебиз«, – деди Чолпонбаев.

«Айыккандар 1958, 1974, 1976-жылы туулган адамдар. Алар ооруканада 14 күндөн ашык жатып, эмделишкен. Алардын акыркы анализдери таза чыккан, рентгендин жыйынтыгы да жакшы болду. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы жакшы»,- деп кабарлаган оорукана мүчөлөрү.



Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар үйлөрүнө чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM