Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Тажикстанды шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 428 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмонду депутаттык шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппарат кызматы билдирди. 

Бүгүн, 28-мартта Жээнбеков Тажикстан лидери Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президент тажикстандык кесиптешин 2020-жылдын 1- жана 27-марттарында өткөн Тажикстан парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасынын депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Мындан сырткары, коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасына болгон анын кесепеттерин жумшартуу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Тажикстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 27-мартында өтөрү былтыркы жылдын декабрь айында белгиленген. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Эмомали Рахмон 4-декабрда кол койгон. Ошондой эле, ушул жылдын күз айында президенттик шайлоо да өтөт.


Тажикстан президентинин уулу өлкө сенаторлугуна дайындалды

Борбор Азия президенттеринин хоббиси, жеке жашоосу тууралуу [тест]

Copyright © 2017 Maral FM