Италияда 27-марттагы акыркы сутка ичинде коронавирустан 919 адам о дүйнөгө аттанышты. Бул пандемия башталгандан берки дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болду. Ал эми Испанияда акыркы сутканын ичинде 773 адам коронавирустан көз жумду. Эки өлкөдө тең күнүгө миңдеген адамдар илдетти жуктурушуп, абал болуп көрбөгөндөй оор болуп жаткан кез.