Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандар 200гө чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 1496 | 0

Казакстанда COVID-19 коронавирусуна кабылгандардын саны 200гө чамалады. Бул маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн дагы 43 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 193кө жетти.

Алардын ичинен:

— 107 адам Нур-Султанда;

— 57 адам Алматыда;

— 4 адам Карагандада;

— 1 адам Алматы облусунда;

— 1 адам Ак-Төбө облусунда;

— 3 адам Атырау облусунда;

— 3 адам Акмола облусунда;

— 2 адам Шымкент шаарында;

— 3 адам Жамбыл облусунда;

— 1 адам Павлодар облусунда;

— 1 адам Мангыстау облусунда;

— 1 адам Түндүк Казакстанда.

30-марттан тарта Нур-Султан жана Алматы шаарларында автобус каттамдары токтотулмакчы.

Буга чейин Казакстанда 1 адам коронавирустан каза болсо, 2 адам илдеттен сакайган.

Казакстан: Жамбылдагы коронавирус жуктурган 3 адам Кыргызстандан келген

Copyright © 2017 Maral FM