Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер 9 пост аркылуу өтө алышат (тизме)

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1982 | 0

Бишкекке азык-түлүк, дары-дармек жана кара май ташып кирүүгө тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу 26-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин коменданты бул жөнүндө буйрук чыгарды. Буйрукту товар ташуучу компаниялар кагазга чыгарып алып, блокпосттогу текшерүүчүлөргө башка тийиштүү документтери менен чогуу көрсөтүшү зарыл.

Коменданттын буйругуна ылайык, ишкерлер төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат:

  • Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Васильевский тракт көчөсү менен Достук дачасынын кесилиши;
  • Жаш Гвардия бульвары менен айланма жол;
  • Курманжан датка менен айланма жол;
  • Киргшелк;
  • 7-Апрель көчөсү менен Токомбаев проспектинин кесилиши;
  • Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Селекция айылындагы май куюучу жайдын жаны.

Жүк ташуучуларда маршруттук баракча, атайын уруксат кагазы болушу зарыл. Үйгө тамак ташуу кызматын көрсөткөндөр үчүн дагы уруксат кагазы даярдалып берилери айтылган.

Өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:

— табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүмдөр;

— дары-дармектер жана медициналык каражаттар;

— күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.


Бишкекте 120 пост коюлду

Өзгөчө абал: Кимдер жумушун уланта алат? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM