Биз менен байланышыңыз

Парламент президенттин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү чечимин колдоду

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1336 | 0

Жогорку Кеңеш өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин Жарлыгын карап чыгып, аны колдоду. Кезексиз жыйынга катышкан 105 депутаттын баары макулдугун билдиришти.

Жарлык боюнча жалпы маалыматты президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушкан. Жолугушууда өлкө башчы дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Оштогу Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абаддагы Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаалдар абалын киргизүү чечими кабыл алынганын айткан.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 08:00дө башталып, 15-апрелге (08:00) чейин созулат.

Copyright © 2017 Maral FM