Биз менен байланышыңыз

Кошуна Өзбекстан Баткенге коронавирустан коргонууга көмөк көрсөттү

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 496 | 0

Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилиги Баткен облусунун дарыгерлерине коронавируска каршы күрөшүүдө беткап, көз айнек жана костюм, жалпысынан 500 комплект коргонуучу каражаттарды жардам катары берди. Бул тууралуу Өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн кабарлады.

Мындай кол кабыш Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жетишилди.

Бул комплект формалары облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет. Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынары маалыматта айтылат.

Буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.
Учурда мындай коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

Copyright © 2017 Maral FM