Биз менен байланышыңыз

Канцлер Ангела Меркель коронавирустан үй карантинине алынды

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 865 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель жекшембиден тартып үй карантинине алынды. Бул кабарды маалымат каражаттарына Өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт билдирип, аны ТАСС маалымат булагы жазып чыкты.

Канцлер айым өзүн эмдеген дарыгерден коронавирус аныкталганы билингенден кийин ушундай чечимди кабыл алган. Меркель дарыгерде эки күн мурда кароодо болгон.

Канцлерге пресса менен жолугушуунун алдында аны эмдеген дарыгер коронавируска кабылганы боюнча маалымдалган. Мындан улам, канцлер тез арада үй карантининде отуруу чечимин кабыл алган, — дейт Зайберт.

Германиянын канцлери Ангела Меркель алдыдагы күндөрдө коронавируска тест тапшырып турат. Ал өз милдетин карантинде аткара бермекчи.

Германияда акыркы расмий маалыматтар боюнча коронавирус жуктургандардын саны 18,6 миң адамга жеткен. 55 адам бул оорудан улам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM