Биз менен байланышыңыз

«Реал» футбол клубунун экс-президенти Лоренсо Санс коронавирустан каза болду

Кыска кабар , Спорт | 22 Мар 2020 | 893 | 0

Испаниянын «Реал Мадрид» футболдук клубунун мурдагы президенти Лоренсо Санс 76 жаш курагында коронавирустан каза болду. Бул тууралуу eurosport.ru маалымат булагы жазды.

Ал 17-мартта COVID-19 илдетине чалдыккан деген шек менен ооруканага жаткырылган. 8 күн бою анын дене табы токтоосуз көтөрүлгөнү байкалган.

Кийинчерээк инфекцияга байланыштуу анын бөйрөгү жетиштүү иштебей, абалы кескин начарлаган.

21-март күнү кечинде Лоренсо Санс каза болгон.

Лоренсо Санс «Реал» клубун 1995-2000-жылдары жетектеген. Бул мезгил аралыгында ал Европада эң престиждүү делген Чемпиондор Лигасын 2 ирет (1998- жана 2000-жылы) жеңген.

 

Copyright © 2017 Maral FM