Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер 8-апрелге чейин карантинге таратылды

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 903 | 1

Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер 8-апрелге чейин карантинге жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эми алар окутууларын үй шартында дистанттык түрдө өткөрүшөт.

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин карантинге таратылды.

Билим берүү мекемелеринде ЖРТга каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Ракыева Шарвпат

    24.03.2020 07:23

    Сиздерге болгон ыраазычылыгым абдан жогору.Кабардын баарын сиздердин тармармактан билип турганыма кубанычтамын!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM