Биз менен байланышыңыз

Лондондогу кыргыз элчилиги мектеп окуучуларын мекенине алып кетүүгө чакырат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 739 | 0

Улуу Британияда мектептер жаңы окуу жылынын башталышына чейин ишин токтотот. Бул тууралуу Кыргызстандын Лондондогу элчилиги Фейсбуктагы барачасына жазды.

-Жакынкы күндөрү мектептердин жабылышы күтүлүүдө. Расмий булактардын маалымдоосу боюнча, мектептер жаңы окуу жылынын башталышына чейин иштебейт, — деп жазылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу элчилик Улуу Британиянын мектептеринде окуп жаткан кыргыз өспүрүм окуучулардын ата-энелерине балдарды жакынкы күндөрү мекенине алып кетүүгө чакырат.

Кошумчалай кетсек, Британияда 1950 адамда коронавирус вирусу табылган. Алардын 70и каза тапкан.


Коронавирус: жалпы 204 миң, Орусия 147, Казакстан 36 (соңку маалыматтар)

Copyright © 2017 Maral FM