Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: жалпы 204 миң, Орусия 147, Казакстан 36 (соңку маалыматтар)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 760 | 0

Дүйнө боюнча 204 миңден ашык адам коронавирус менен катталган. Анын 8141и каза болсо, 82450 бейтап эмделип, илдеттен айыккан.

Борбор Азия боюнча Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда коронавируска кабылгандар катталган. 18-мартка карата Кыргызстанда 3, Өзбекстанда 15, Казакстанда 36 жаранда вирустун бар экендиги аныкталган.

Ал эми Орусияда 147, Түркияда 98 адамда коронавирус илдети катталган.


Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Эмоцияны башкаруу үчүн 6 сунуш


Төмөндө коронавирусту жуктургандардын саны миңден ашык болгон мамлекеттердин тизмеси:

  • Кытай — 81 202, 3 242 каза болгон. Эрте мененки 9дан бери +51 жаңы жагдай
  • Италия – 31 506, 2503 к. — Эрте мененки 9дан бери жаңы жагдай катталган жок
  • Иран – 17 361, 1135 к. +1192 жаңы жагдай
  • Испания — 13716, 533 к. +2400 жаңы жагдай
  • Германия — 9877, 26. +1261
  • Түштүк Корея — 8413, 84. +93
  • Франция — 7730, 148. +1077
  • АКШ — 6332, 95.  +1109
  • Швейцария — 2700, 27. —
  • Британия — 1950, 71. —
  • Нидерланды — 1705, 43. —
  • Бельгия — 1486, 14. +243
  • Норвегия — 1479, 4 +35
  • Австрия — 1471, 3 +139
  • Швеция — 1196, 8 +5
  • Япония — 1151, 29

Copyright © 2017 Maral FM