Биз менен байланышыңыз

Дарига Назарбаева казакстандыктарга кайрылуу жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1201 | 0

Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу казакстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин пресс-катчысы кабарлады.

Төрайым кайрылуусунда азыркы жагдайда өзгөчө кырдаал режиминин маанилүүлүгүн айтты. Башкы максат – коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучу менен күрөшүү, Казакстандын экономикасын аксатуунун алдын алуу жана жарандардын өмүрүн коргоо экендигин белгиледи. Ошондой эле, жарандарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Ызы-чуу жараткан ушактарды жана туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырып, ызы-чуу кылгандар менен провокаторлор коронавирустай эле кооптуу экендигин белгиледи.

Эске салсак, Казакстанда 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ошондой эле, казакстандык жарандарга 15-апрелге чейин өлкө сыртына чыгууга тыюу салынды. 17-мартка карата өлкөдө вирусту жуктургандар 27ни түздү.


Казакстанда коронавирус жуктургандар 27ге жетти

Copyright © 2017 Maral FM