Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандар 27ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 838 | 0

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Вирус жуктургандар боюнча 16 учур Нур-Султанда, 11 учур Алматы шаарында катталды. Маалыматка караганда, вируска кабылгандардын арасында 2 жана 14 жаштагылар бар.

Казакстанга 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, эгерде зарылдык болсо, режим узартыларын кошумчалады.

Ошондой эле, казакстандык жарандарга 15-апрелге чейин өлкө сыртына чыгууга тыюу салынды. Бул тыюулар эмделүү үчүн башка мамлекетке барууга мажбур болгондорго тийиштүү эмес. Ошентсе да, алар алдын-ала Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирүүсү кажет.

Борбор Азия боюнча Өзбекстанда да вирус катталган, алардын саны 10го жетти.

17-мартка карата дүйнө боюнча 182 068 адам COVID-19 вирусу менен катталган. Алардын 7138и каза болсо, 78204ү эмделип, илдеттен айыккан.


Токаев: Өзгөчө кырдаал режими жүк ташуучуларга тоскоол болбойт

Copyright © 2017 Maral FM