Биз менен байланышыңыз

Токаев: Өзгөчө кырдаал режими жүк ташуучуларга тоскоол болбойт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 1070 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режими боюнча элге кайрылуу жасады.

Өлкө башчы учурда 9 киши коронавирус менен катталганын, вирустун жайылуу коркунучу бар экендигин ырастады.
«Казакстандын  аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Ошондой эле, мектептер, окуу жайлар убактылуу жабылды. Бул, албетте, көпчүлүктүн планына туура келбей калышы мүмкүн. Анткен менен балдардын ден-соолугу баарынан кымбат. Түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөм»,- деп айтылат кайрылууда.
Президенттин айтымында, киргизилген чектөөлөр жүк ташуучуларга тоскоолдук жаратпайт. Чек арада, вокзал жана аэропорттордо күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык режим сакталууда.

Казакстанга 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Токаев бүгүнкү кайрылууда, эгерде зарылдык болсо, режим узартыларын кошумчалады.


Коронавирус 150дөй өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM