Биз менен байланышыңыз

Азиз Суракматов бааларды жөнгө салуу чараларын көрүүдө

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 417 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов азык-түлүк продуктуларынын баасын көтөрүүгө болгон чектөөнү көзөмөлдөө максатында кырдаалды анализдөө, жөнгө салуу чараларын көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругу менен биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы төмөндөгүдөй белгиленген:

  • Биринчи сорттогу 1 кг ундун дүң баасы- 28 сом;
  • Биринчи сорттогу 1 кг ундун чекене баасы- 29 сом;
  • Экинчи сорттогу 1 кг ундун дүң баасы- 20 сом;
  • Экинчи сорттогу 1 кг ундун чекене баасы- 22 сом;

Кечээ, 16- мартта Өкмөт 14 түрлүү товардын баасын көтөрүүгө чектөө киргизген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM